Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:03

Полиция Подстамдагы Берлинге жакын жерде жайгашкан рождестволук базарды эвакуация кылды. Буга тартип сакчылары жардыруучу затка окшош буюмду, мык жана зым оролгон таңгакты табышканы себеп болду.

Шаар бийлиги иликтөө улантылып, табылган нерселер изилденерин билдирди. Инцидент учурунда эч ким жабыр тарткан жок. Подтстам полициясы кийинчирээк "жардыргыч зат деген шектенүү" ырасталганын Твиттерге жазды.

Германиядагы рождестволук базарлар өткөн жылы тунистик адамдын Берлиндеги кол салуусунун кийин катуу кайтарууга алынды. Анда жанкечти жүк ташуучу унаа менен 12 адамды сүзүп өлтүрүп, 56 адамды жарадар кылган.

Германиядагы эң чоң рождестволук базар 1-декабрда Дрезден шаарында ачылган. Ага 2 миллиондой адам келери күтүлүп жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG