Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Жерүйдөгү алтын ылгоочу фабриканы немис компаниясы курат


Жерүй
Жерүй

Таласта жайгашкан Жерүй кенинин алтын ылгоочу фабрикасын Engineering Dobersek GmbH аттуу немис компаниясы курат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кенди иштетүү укугун алган “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов билдирди. Анын айтымында, учурда Германиядан келген адистер фабрика курула турган жерди дайындап жатышат.

- Фабриканын курулушу 23-ноябрда башталган. Алар келишим боюнча 18 айдын ичинде алтын ылгоочу фабриканы куруп бүтүшү керек деди, Жаныкулов.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы Жерүйгө жаңы аукцион жарыялап, 100 миллион долларга бааланган кенди иштетүү укугун орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы уткан. Бул компания “Орус платинасынын” түзүмүнө кирет. Кийин кенди иштетүү үчүн “Альянс Алтын” компаниясы түзүлгөн. Ал ишканага орус олигархы Муса Бажаев жана казакстандык бизнесмен Алижан Ибрагимов ээлик кылат.

Таластын Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Жерүй алтын кени 1992-жылы ачылган. Жерүйдө советтик геологдордун изилдөөсү боюнча 80 тоннага жакын алтын, 15 тоннадай күмүштүн запасы бар. Андан бери бир катар чет элдик инвесторлор алмашып, алды эл аралык соттошууга чейин барган. (UEz)

XS
SM
MD
LG