Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Өкмөт “Мегакомдун” сатуу баасын арзандатпайт


Кыргыз өкмөтү “Мегакомдун” сатуу баасын төмөндөтпөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 1-декабрда, парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын жыйынында билдирди.

Буга чейин “Альфа Телеком" ишканасын орусиялык ишкер Елена Нагорная сатып алары айтылган. Бирок тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе албай, кыргыз өкмөтү Нагорная менен сүйлөшүүнү токтоткон.

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" уюк байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз бергени быйыл сентябрда маалым болгон. Ал ортодо Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноо, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер "Мегакомду" кантип иштете алат деген түкшүмөл ойлор жаралган.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телекомду" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.

“Мегаком” былтыр 2 млрд 36 млн сом киреше тапкан. Сынчылар кирешелүү компанияны сатуу акылга сыйбайт десе, өкмөт кирешеси жыл сайын төмөндөп жаткан ишканадан сатып кутулган оң деген пикирди карманып келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG