Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:11

Германия Кыргызстанга 15 тез жардам унаасын берди


Медициналык шаймандар менен толук жабдылган 15 тез жардам унаасы Германиядан Кыргызстанга алынып келди.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Тез жардам унаалары кыргыз-немис кызматташтыгынын алкагында алынган. Алардын жалпы баасы 1, 18 млн еврого бааланган. Тез жардам унаалары Бишкек, Ош шаарларына жана Ош облусуна бөлүштүрүлөт.

Ушундай эле кызматташтыктын алкагында 2009-жылы тогуз Тез жардам унаасы алынган. Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаарында Тез жардам унаалары тартыш экени айтылып келет. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG