Кыргыз-казак чек арасында жалпысынан 600дөй жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Чүйдөгү “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 500дөй, Таластын “Чоң-Капкасында” жүздөй жүк ташуучу унаа турат.
- Кырдаал мурдагыдай эле. Казак тарап саатына жети-сегизден автоунаа өткөрүп жатат. Бош жүк ташуучу унаалар “Кең-Булуң” өткөрмө бекетинен өтүп жатат, - деди Абдыкариева.
30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.
Кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү экс-президент Алмазбек Атамбаев Назарбаевдин дарегине сын айткандан кийин күчөгөн. Анда Атамбаев Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алуусун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары айыптаган болчу. Казак тарап 10-октябрдан тарта текшерүүнү күчөтүп, муну Кыргызстан аркылуу өткөн аткезчиликти азайтуу аракети катары түшүндүргөн. (UEz)