Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 26 жаштагы милиционер иш учурунда өзүн атып өлдү.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 1-декабрда 19:00 чамасында ИИМдин кампасында нөөмөттө турган кенже сержант Эрлан Солпуевдин сөөгү табылган.
Алдын ала тергөөдө милиционер Калашников автоматы менен өзүн башка атканы аныкталган. Ал кырсык болгон учурда кампаны кайтарып жаткан. Учурда ИИМ бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. 26 жаштагы кичи сержанттын өз жанын кыюуга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.(UEz)