Бүгүн, 2-декабрда диниятчы Кадыр Маликовдун эки китебинин бет ачары болуп өттү.
Китептер “Мусулман жаштары: маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар”, “Ислам жана мамлекет” деп аталат. Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтүп, ага диний ишмерлер катышты. Бет ачардан соң MUSA 2017 (Muslim Social Artistry) деп аталган алгачкы мусулман фото-арт көргөзмөсү да ишин баштады.
Аталган сүрөт көргөзмөсү 3-5-декабрь күндөрү филармониянын жанындагы жер алдындагы өтмөктө улантылат. Көргөзмөгө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке фотографы Султан Досалиевдин эмгектери да коюлат.
Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аттуу аналитикалык борборунун жетекчиси. Ал диний радикализмди, терроризмди айыптап келет. Бул үчун ага кол салуу да болгон.(UEz)