Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Жогорку Сот Текебаев боюнча чечимди жактоочуларга бере элек


Архивдик сүрөт. 15-август, 2015-жыл
Архивдик сүрөт. 15-август, 2015-жыл

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов боюнча чыгарган өкүмүн жактоочуларга бере элек. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов “Азаттыкка” билдирди.

- Өкүмдү бербей жатат. Өкүм окулары менен эле берилиши керек болчу. Бул одоно мыйзам бузуу. Чечимди алсак Өмүрбек Чиркешович менен кеңешип, эл аралык сотторго кайрылуу иштерин баштамакпыз, - деди ал.

Бул боюнча Жогорку Соттон түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

21-ноябрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин өзгөртүүсүз калтырган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Октябрдын ортосунда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка жаза өтөөгө жиберилген. 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Анткен менен саясатчылар сот чечимдери саясий буйрук экенин, өздөрү ак экенин айтып келишет.(UEz)

XS
SM
MD
LG