Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Трамп Тиллерсондун кызматтан кетпей турганын айтты


АКШ президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон кызматынан кетет деген кабарды жалганга чыгарды.

Ал Twitter баракчасына “Рекс Тиллерсон кызматынан алынды же ал кызматын тапшырат деген жалган кабар. Ал кетпейт. Ортобузда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар, бирок биз чогуу жакшы иштейбиз” деп жазды.

Мурдараак The New York Times гезити мамлекеттик катчы кызматынан алынышы мүмкүндүгүн жазган. Аталган гезит Рекс Тиллерсондун ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпео келерин да кабарлаган.

NBC телеканалы да октябрдын башында Трамп менен болгон пикир келишпестиктен улам Тиллерсондун кызматын тапшырарын билдирген. Бирок мамлекеттик катчы Трамп менен иштеше берерин айтып келет.

XS
SM
MD
LG