Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

3-декабрга аба ырайы: чукул билдирүү


2-декабрдан 4-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-246 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

3-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2;

Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14;

3-декабрда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4° суук болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG