Бүгүн, 2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлду.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, аталган документке кыргыз тараптан вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан өкмөт башчынын орун басары Аскар Мамин кол койгон.
Кол коюлган “Жол картага” ылайык, кыргыз-казак чек арасы 3-декабрга караган түнү саат 12ден тарта кадимки режимде иштей баштайт.
Кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүү үчүн вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган делегация 1-декабрда Астанага жөнөп кеткен болчу.
30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.
“Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам мүнөздөгү 16 чара камтылып, беш кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чаралар бар.
Кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү экс-президент Алмазбек Атамбаев Назарбаевдин дарегине сын айткандан кийин күчөгөн.
Анда Атамбаев Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алуусун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары айыптаган болчу. Казак тарап 10-октябрдан тарта текшерүүнү күчөтүп, муну Кыргызстан аркылуу өткөн аткезчиликти азайтуу аракети катары түшүндүргөн. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча ушу тапта “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттеринде 600гө жакын жүк ташуучу унаа Казакстанга өтө албай турат.(UEz)