Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Бишкекте наристени тепкен киши кармалды


2-декабрда социалдык түйүндөрдө тараган видеодон алынган сүрөт. 2017.
2-декабрда социалдык түйүндөрдө тараган видеодон алынган сүрөт. 2017.

Бүгүн, 2-декабрда интернеттеги коомдук тармактарда тайгак жолдон баса албай жерге жатып калган 1,5-2 жашар наристени белгисиз бир киши тепкен видео тараган.
Маалыматтарга караганда, видео тасма бүгүн борбор шардагы Улан-2 кичи районунда тартылган.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов бул окуя боюнча шектүү катары саналган Улан-2 кичи районунун тургуну кармалганын "Азаттыкка" ырастады. Анын айтуусунда, шектүү киши Бишкектин Октябрь РИИБине алынып келинди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Оморов азырынча кармалган кишинин жаш курагы, ысымы жана наристе ага ким болоору тактала электигин белгиледи.
Социалдык тармактын колдонуучулары укук коргоо органдарынан бул жорукту териштирип, болжолдуу түрдө баланын атасы деп эсептелген кишини жазалоону талап кылып жазышкан эле. (ECh).

XS
SM
MD
LG