Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Бирназаровдун тасмасы Таллинде баш байгени жеңди


Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасы Таллинде өткөн “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, 10 миң евро менен сыйланды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Фестивалда баш байге үчүн 18 тасма ат салышкан. Бирназаровдун тасмасында түнкү жол кырсыгында жараат алган кызга кам көрүп жатып ага ашык болгон улгайган киши жөнүндө баяндалат.

“Караңгы түндөр” кинофестивалы 1997-жылдан бери өтүп келет. Ал дүйнөдөгү 20 абройлуу фестивалдын катарына кирет. Кинорежиссер Темир Бирназаров бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган автор катары белгилүү.(UEz)

XS
SM
MD
LG