Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Трамп: “Орусия менен эч кандай келишүү болгон эмес”


АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн шайлоо штабынын мүчөлөрү жана орус өкмөтүнүн агенттери ортосунда эч кандай келишүү болбогонун дагы бир ирет кайталады.

2-декабрда Ак үй алдында журналисттерге жооп берип жатып, “Орусия менен эч кандай келишүү болгон эмес” деди. Трамптын бул билдирүүсү анын коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин жалган көрсөтмө бергенин моюндаган күндүн эртеси болду.

Майкл Флинн 1-декабрда Федералдык чалгын кызматына жалган көрсөтмө бергенин моюнуна алган. Флинн анда Трамптын өткөөл мезгилдеги администрациясындагы жогорку кызматтагы аткаминердин көрсөтмөсүнүн негизинде Орусия менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн айткан. Ал жалган көрсөтмө бергени үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок жаза мөөнөтү анын тергөөчүлөр менен кандай иштешкенине көз каранды.

Трамптын коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн бул кызматты 24 күн гана аркалаган. Ал вице-президент Майк Пенске Орусиянын ошол кездеги элчиси Сергей Кисляков менен болгон байланыш боюнча адаштырган маалымат берген соң отставкага кеткен.

XS
SM
MD
LG