Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев атасынан тепки жеген наристенин ден соолугун ар тараптуу текшерүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирди. Ал баласын тепкен атаны айыптап, укук коргоо органдары апасы менен иш алып барып, наристенин саламаттыгын толук көзөмөлгө алышы керек деген пикирде.
2-декабрда интернетте тайгак жолдон баса албай жерге жатып калган 2,6 жашар наристени белгисиз киши тепкен видео тарап, кызуу талкуу жараткан
Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы баланы тепкен кишиге кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Маалыматка ылайык, 50 жаштагы А.Б. аттуу Улан-2 кичи районунун жашоочусу кармалып, суракта өз баласын тепкенин моюнуна алган.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кармалган жарандын мас же соосу, баласын эмне үчүн тепкени азырынча белгисиз. Сот анын баш коргоо чарасын дүйшөмбү күнү карайт. Милициянын ырасташынча бала азыр энесинин колунда.(UEz/BCh)