3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду концерт уюштурат.
Кайрымдуулук концерти Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, андан түшкөн каражат майып балдардын окуусуна сарпталат. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Хабиб Арзыкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында билет баасы 300 сомдон, концертке эстрада жылдыздары катышат.
Бул күндүн урматына Социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкө боюнча майыптар үчүн 60 коляска таратты. Бул арабалар былтыр президенттик фонддон бөлүнгөн 3 миллион сомго сатылып алынган.
Министрликтин маалыматы боюнча өлкөдө 178 миңге жакын майып адам жашайт. Алардын 29 миңи балдар. Кыргыз өкмөтү майыптардын укугу жөнүндөгү БУУнун конвенциясын ратификациялабай келет. Премьер-министр Сапар Исаков буга бюджеттин тартыштыгын себеп катары көрсөтү. Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүн утурлай кайрылуу таратып, Кыргызстандын өкмөтүн документти ратификациялоого чакырды.(UEz)