Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан беш киши мерт болду


Желалабад шаарындагы кандуу окуя беш кишинин өмүрүн алды.
Желалабад шаарындагы кандуу окуя беш кишинин өмүрүн алды.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде беш киши мерт болуп, онго чукулу жараат алды.

Бул тууралуу аймактын губернаторунун маалымат катчысы Аттахула Хожани билдирди. Окуя 3-декабрда провинциянын борбору Желалабад шаарындагы футбол стадионунун жанында болгон. Жардыруунун алдында стадиондо бийликтин тарапташтарынын жыйыны өткөн. Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өз моюнуна алган жок.

Бир күн мурда ушул эле Желалабад шаарында болгон жарылуудан чалгын кызматынын эки кызматкери өлгөн. Бул калабаны "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери уюштурганы айтылууда. Анда жарадарлардын саны ондон ашкан. Арасында аскерлер жана жайкын тургундар да бар.

Байкоочулардын айтымында "Ислам мамлекети" радикал уюмунун курамына кирген жергиликтүү топ өз таасирин Ооганстандын аймагына жайылтууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG