Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Куралдуу топ ооган-тажик чек арасынан өтүүгө аракеттенди


Тажикстан-Ооганстан чек арасы. (Архив)
Тажикстан-Ооганстан чек арасы. (Архив)

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 3-декабрда Ооганстанга расмий нота жөнөткөнүн билдирди. Анда Шохин районунда болгон куралдуу кол салууну иликтөө талабы коюлган.

2-декабрдын кечинде Шохин районунун тоолуу Навобод аймагында Ооганстандан келген куралдуу топ Тажикстан тарапка мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген. Чек арачылар менен атышуу болуп, аткезчилер артка качып кетишкен.

Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитети кабарлагандай, мыйзам бузгандар чек арачылардын куралдарды таштоо тууралуу талаптарын укпай, аларга каршы ок атышкан. Атышуу учурунда чек ара отрядынын командири окко учуп, төрт жоокер жарадар болгон. Ошондой эле үч аткезчи да жок кылынганы айтылды.

XS
SM
MD
LG