Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

«Укуктары бузулган кыздардын жолу» аттуу акция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 5-декабрда Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы аянтка белгиленген акцияда жашы жете электе күйөөгө берилген, билим алуу укугунан ажыраган, билимин жогорулатуу, өзүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калган кыздар менен жолугушуу болот. Алар өз тагдырлары жөнүндө айтып беришет.

Акциянын жүрүшүндө демилгечилер өспүрүм кыздардын никеге турушу мыйзамсыз экени, ошондой эле аларга нике кыйган диний кызматкерлердин, ата-энелердин кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө маалыматтарды таратышат.

Ушундай эле иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Нарын, Талас, Чолпон-Ата шаарларында, Алай районунда да өткөрүлөт. Аны Кыргызстандагы Кризистик борборлор биримдиги уюштурууда.

XS
SM
MD
LG