Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Түркмөнстанда ун тартыш болуп жатат


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнстандын бир нече аймактарында ун тартыштыгы байкалууда. Мары жана Ахал облустарында ун эки эсе кымбаттады.

Орто эсеп менен 50 манат же 14 доллардын тегерегинде турган бир мүшөк ундун баасы азыр 100 манаттан ашты. Айрым дүкөндөрдө ун такыр эле жок.

Ишенимдүү маалымат булактары Мары менен Түркмөнабаддын ортосунда жүргүнчү ташыгандар эми ун ташуу менен алектенип жатышканын айтышты.

Тартыштык башкалаа Ашхабадда да байкалып жатат.

"Түркменбакалея" аттуу мамлекеттик дүкөндөрдө чет өлкөдө өндүрүлгөн ундар сатылбай калды. Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ун дагы тартыш болуп жатат.

Ашхабаддын мамлекеттик дүкөндөрүнүн кызматкерлери жогорку сорттогу ундун аздыгын ага карата суроо-талаптын көптүгү менен түшүндүрүштү.

XS
SM
MD
LG