Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Нурлан Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулду


Биринчи Май райондук соту жатак абагында жазасын өтөп жаткан Нурлан Мотуевди күчөтүлгөн режимдеги камакка алууга өкүм чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:

- “Терроризмди жайылтуу” боюнча айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган Нурлан Мотуев буга чейин жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөп жаткан. Бирок ал чечимди сот шарттуу деп берген да. Башкача айтканда, ал жаза тартибин бузса, толук камалмак. Мотуев абактын ички тартиптерин сактабаганы үчүн биз аны сотко бергенбиз. Биринчи Май райондук соту кайра чечим чыгарып, Мотуевди жабык жайга камакка алды. Ал эми бир жылга камерада олтурат.

Нурлан Мотуев буга чейин №32 жатак абактын карамагында жазасын өтөп жаткан болсо, эми №27 түзөтүү колониясына которулду.

Быйыл августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 13-майда кармаган.

Аз күн мурдараак Интернетте Нурлан Мотуевдин №32 жатак абактын башчысы Тимур Анаркуловдун дарегине жагымсыз сөздөрдү айтып, аны жекеме-жеке мушташууга чакырган видеосу тараган. Мушташты болсо Интернеттен онлайн аркылуу көргөзүп, реалити-шоу уюштурууну сунуш кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG