Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды


Марат Мураталиевди вице-премьер-министр, мурдагы губернатор Дайыр Кенекеев тааныштырды.
Марат Мураталиевди вице-премьер-министр, мурдагы губернатор Дайыр Кенекеев тааныштырды.

Марат Мураталиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Аны жамаатка вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тааныштырды.

Мураталиев буга чейин Талас облустук курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Ага чейин «Арсенал-Курулуш» компаниясын башкарчу.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев 25-октябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган. Аталган кызмат орун ошондон бери бош турган. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG