Бишкекте эки жашар баласын тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматындагы жумушунан бошотулат. Бул тууралуу ушул кызматтын өкүлдөрү “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Адиев Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.
Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев Интернетте тасма тарап, милиция кылмыш ишин козгогон соң кызматкерге катуу чара көрүү - керек болсо токтоосуз түрдө иштен бошотуу боюнча тапшырма берген. Мекеме Бариер Адиев "моралдык себептерден" улам Мамкаттоодо иштей албай турганын кошумчалады.
Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон эле. Бул тасма кызуу талкуу жаратып, аталган адамды жоопко тартуу тууралуу талаптар айтылган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.
Учурда тепки жеген наристе медициналык кароодон өтүп жатканы кабарланды. (BkA)