Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Бишкек-Алматы жолунда автобус кырсыкка учурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы облусунун аймагында эл ташыган автобус кырсыкка учурап, эки киши каза болду. “Азаттыктын” казак кызматынын жазганы боюнча, кырсык бүгүн эртең менен Бишкек-Алматы жолундагы Узунагыш айылына жакын жерде болгон. Кырсыктан ар кыл жаракат алган 10 адам ооруканага жеткирилди.

Айрым маалыматтар боюнча, автобус Казакстандын ички каттамында болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсыкка учураган автобуста кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатканын кабарлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG