Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШдагы мелдештин финалында ойнойт


Бишкек шаарынын өспүрүмдөр курама командасы. 7.04.2017-ж. Бишкек.
Бишкек шаарынын өспүрүмдөр курама командасы. 7.04.2017-ж. Бишкек.

Бишкек шаарынын хоккей боюнча 9 жашка чейинки курама командасы АКШнын Чикаго шаарында өтүп жаткан "Barrington Ice Arena-2017" кубогуна арналган эл аралык мелдештин финалдык бөлүгүнө жолдомо алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын спорттук оюндар боюнча өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин директору Мейирхан Аманбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын командасы 3-декабрда үчүнчү беттешин өткөрдү. Бул оюнда кыргызстандык хоккейчилер АКШнын “Evelance Chicago” командасын 12:2 эсебинде жеңип алышты.

Видео "Бишкек Алга" командасынын оюнчусу Нуртемир Сулаймановдун баракчасынан алынды. Жарым финал. "Бишкек Алга" - “Evelance Chicago” 12:2.

Буга чейин болгон эки беттеште бишкектик хоккейчилер “Ice Dogs-2” командасына (11:7) эсебинде утулуп, Чикаго курамасын 3:9 эсебинде жеңип алган эле. Финалдык оюн 5-декабрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5те башталат. Азырынча бишкектик оюнчулардын финалдык атаандаштары белгисиз.

"Barrington Ice Arena 2017" кубогуна арналган эл аралык мелдеш 1-декабрда башталган. Ага Канададан, АКШдан жана Кыргызстандан 9 жашка чейинки беш команда катышууда. Кыргызстандан мелдешке Бишкек шаарынан “Алга Бишкек” командасынан 15 оюнчу 30-ноябрда жөнөп кеткен. (ECh).

XS
SM
MD
LG