Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Ноябрда бензин 1,5 сомго кымбаттады


"Газпромдун" май куюу станциясы.
"Газпромдун" май куюу станциясы.

Кыргызстанда ноябрь айында күйүүчү май орточо 1,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кымбаттоого Орусиядагы күйүүчү майдын кымбатташы жана өлкөгө кирген дизелдик отунга кошумча бажы төлөмү төлөнүп жатканы себеп болду.

“Айрым компаниялар кошумча бажы төлөмүн төлөп алып келишти. Өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы келип чыкпасын деп ушундай чарага барышты. Бирок бул анын баасына таасирин тийгизди”, - деди Кулов. Ал декабрда баа кандай болорун алдын-ала айта албай турганын кошумчалады.

Учурда Бишкектеги май куючу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри орто эсеп менен 40 сом 07 тыйындан сатылууда. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 43 сом 50 тыйын деп белгиленди. (BkA)

XS
SM
MD
LG