Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Өзүн атканы кабарланган милиционердин сөөгү жерге берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин курал кампасында нөөмөттө туруп, өзүн атып каза болгону маалымдалган кенже сержант Эрлан Сөлпүевдин сөөгү Токмокто жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын агасы Абай Сөлпүев кабарлады. Анын айтымында, сержанттын туугандары анын өз жанын кыйганы тууралуу версияга ишенбей жатышат.

“Эрлан бир ай мурда үйлөнгөн. Өзүн өлтүрүүгө эч кандай деле себеп жок болчу. Биз азыр өзүнө ок атты дегенге ишенбей жатабыз” - деди Абай Сөлпүев.

26 жаштагы Эрлан Сөлпүев 1-декабрда каза болгон. Ал каза болгон учурда ИИМдин курал сактоочу кампасында нөөмөттө турган.

ИИМ алдын-ала тергөөдөгү маалыматтарга таянып, милиционер Калашников автоматы менен өзүн башка атканы аныкталганы тууралуу маалымат тараткан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG