Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Мындай тапшырманы президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев менен жолугушууда берди. Өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн абалын жакшыртуу иштери боюнча маалымат берген.
Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык органдарда, анын ичинде армияда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүшү зарыл экенин билдирип, буга көңүл бурууну тапшырды.
Былтыр өлкөдөгү аскер бөлүктөрүнөн көп сандагы курал-жарак сатылганы белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Чек ара кызматынын 14 жетекчиси жумуштан алынган эле. (BkA)