Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

Чет өлкөлөрдө 1778 кыргызстандык абакта отурат


Кыргызстандын 1778 жараны учурда ар түрдүү кылмыштары үчүн чет өлкөлөрдө абакта отурат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, сыртта кесилгендердин көпчүлүгү Орусияга, Казакстанга жана Тажикстанга туура келет.

Ал эми Кытайда ушу тапта 18 киши жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Быйыл алардын экөөнү Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси чечилди.

Алмаз Имангазиев Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзөрүн кошумчалады.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин өткөн аптада Жогорку Кеңеште айтканы боюнча, кыргыз өкмөтү мигранттардын укугун коргош үчүн 2018-жылга 27 млн. сом бөлүп жатат. Ал парламентте чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам экенин билдирди.

Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып келет. Чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. (BkA)

XS
SM
MD
LG