Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:10

Өзбекстанда ажыга барчуларга талап күчөтүлдү


Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы ажылык зыяратка барууну каалагандар үчүн талаптарды күчөттү.

1-декабрда жарыяланган жаңы фатвага ылайык, ажылык сапарга аттангандар Меккеге барып-келүүгө кетчү каражаттан тышкары, үй-бүлөсүнүн жашоосу үчүн жеткидей акча калтырып кетиши зарыл. Ошондой эле башкаларга үлгү болгон кишилер болушу керек.

«Талапкерлерди тизмеге киргизүүдө анын каржы абалына гана эмес, моралдык сапаттарына дагы көңүл буруу зарыл. Ал руханий жактан өнүккөн адам болуп, исламдын калган төрт негизги парзын аткарышы керек», — деп айтылат фатвада.

Дин башкармалыгы билдиргендей, өткөн жылдары ажыга баргандардын арасында материалдык абалы жакшы эмес жана ден соолугу начар адамдар да болгон.

Бийлик жарандардын эки жолу ажыга жана умрага барышына тыюу салган. Быйыл ажылык зыяратка 7,5 миң өзбекстандык барды.

Буга чейин Өзбекстанда Меккеге ажыга барыш үчүн бир канча жыл кезек күткөн жарандардын бар экени кабарланган. Алардын айрымдары зыяратка жөнөтүү жемкорлук менен коштолорун айтып даттанышкан.

Өзбекстанда 32 миллион калк бар, калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар.

XS
SM
MD
LG