Түркиянын президенти бул тууралуу 3-декабрда теледен сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.
Эрдоган түрк өкмөтүн ишкерлердин бизнес-активдерин чет өлкөгө которушуна уруксат бербөөгө чакырып, алардын мындай кадамы чыккынчылыкка барабар экенин белгиледи.
Түрк президентинин бул сөздөрү АКШда прокурорлор түркиялык-ирандык ишкер Реза Заррабдын активдерин камакка алууга буйрук берген учурга туш келди.
Кошмо Штаттардын камагындагы Зарраб АКШнын сотунда Түркиянын мамлекетке караштуу банктарына каршы көрсөтмө берген. Ал президент Эрдоган жана Түркиянын башка расмий адамдары АКШнын санкцияларынан буйтап өтүү жагынан Иранга жардам бергенин ачыкка чыгарган.
Башкача айтканда, анын сөзү боюнча Иран мунай менен газ сатуудан чогулган бир миллиард доллардай акчасын Түркия менен түзүлгөн каржы схемасынын алкагында алтынга айлантуу аркылуу пайдаланган.
Убагында алтын алып-сатып жүргөн Реза Зарраб арам акчаны адалдоо, банктардагы көз боёмочулук жана башка айыптар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, азыр АКШнын бийлиги менен кызматташууда.
Түркиянын президенти жана башка расмий адамдары кандайдыр мыйзамдар бузулганын танып жүрүшөт.
Кечээ Эрдоган өзү Нью-Йорктогу сот жараянын “шантаж жасоо аракети” катары баалап, “биз ага баш ийбейбиз” деди. (UE)