Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

АКШнын коргоо министри Пакистанга барды


Жим Мэттис.
Жим Мэттис.

Жеймс Мэттистин Пакистандын жетекчилери менен терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрү АКШ "Исламабад өз чек арасында согушкерлерге каршы жетиштүү чара көрбөй жатат" деп эсептеген мезгилге туш келүүдө.

АКШ буга чейин Пакистан Ооганстанда чабуул коюп жаткан "Талибандын" согушкерлерине “башпаанек” бергенине нааразы болгон.

Америкалык расмий адамдардын айтымында, согушкерлер Пакистандын тоолуу жана жакшы кайтарылбаган чек араларынан өтүп келип, АКШнын, Ооганстандын жана башка өнөктөштөрдүн күчтөрүнө кол салууда. Алар кайра Пакистандын чалгын кызматынын жардамы менен бул өлкөдөгү башпаанектерине кайтып жатат. Исламабад болсо мындай дооматтарды четке каккан.

Жим Мэттистин Пакистанга барарда кабарчыларга айтканына караганда, ал бул жерде президент Дональд Трамптын “террорчулардын башпаанектерине каршы” чара көрүү тууралуу талабын кайталайт.

Өткөн аптада эле АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Жон Николсон бул маселеде эч жылыш жок экенин, согушкерлер түйүнүн колдоо боюнча Пакистандын саясаты дегеле өзгөрбөгөнүн белгилеген.

АКШ быйыл августта Пакистан Ооганстанга коркунуч туудурган экстремисттерге каршы чара көрмөйүнчө 255 миллион долларлык аскердик жардамын бербей турганын жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG