Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Орусия: прокурорлор экс-министрди он жылга кесүүнү өтүнүштү


Алексей Улюкаев сот олтурумунда. 4-декабрь, 2017-жыл.
Алексей Улюкаев сот олтурумунда. 4-декабрь, 2017-жыл.

Мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевдин сотунда айыптоочу жана коргонуучу тарап соңку сөздөрүн айтууга киришип, прокурорлор бүгүн аны он жылга түрмөгө кесүүнү, ага катар 500 миллион рубль же 8,5 миллион АКШ доллар өлчөмүндө айыппул салууну суранышты.

Прокурорлор Улюкаевдин “Роснефть” компаниясынын башчысы Игорь Сечинден эки миллион доллар өлчөмүндө пара алганы далилденди жана бул акча мамлекет карамагындагы “Башнефть” компаниясынын “Роснефтиге” сатылышын колдоого алыш үчүн берилген деп эсептешет.

Улюкаевдин өзү буга чейин сотто күнөөсү жок экенин билдирип, өзүнө каршы кылмыш ишин президент Путиндин жакын адамы Игорь Сечин менен ФСБнын “чагымы” деп атаган.

Полиция Улюкаевди “Роснефть” компаниясынын кеңсесинен былтыр 14-ноябрда кармаган. Бул окуянын эртеси президент Путин аны дароо эле кызматтан бошоткон. (UE)

XS
SM
MD
LG