Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Абактагы Бектур Асановго жакындары жолуга албай жатышат


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Камактагы оппозициячыл саясатчы Бектур Асановдон жакындары кабар ала албай жатышат. Бул тууралуу саясатчынын жубайы Алтынай Асанова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Асановго 14-ноябрда Бишкектеги №47 абакта операция жасалган. Ошондон бери айыпталуучуга жакындары менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатат:

- Бизди киргизбей жатышат. Мен эки жолу арыз жаздым. Бирок Жаза аткаруу кызматы "сот өкүмү чыкканга чейин көрүшүүгө мүмкүн эмес" деген гана жоопту берип жатат.

Асанова кошумчалагандай, экс-депутатка адвокаты гана кирип, абалы менен таанышып жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова болсо Бектур Асанов №47 абактын ооруканасында убактылуу гана кармалып турганын, андыктан ишти карап жаткан соттун уруксаты менен гана жакындарына жолугуша алаарын билдирди.

Буга чейин Бектур Асанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурган. Ал "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылдын мартында кармалган.

Биринчи Май райондук соту 17-апрелде аны 12 жылга эркинен ажыраткан.

Ушул күндөрү апелляциялык арыздын негизинде ишти Бишкек шаардык соту карап жатат.

Бектур Асанов мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана Жалал-Абад облусун жетектеген. (BkA)

XS
SM
MD
LG