Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Трамп АКШ элчилигин Иерусалимге көчүрүүнү чече элек


АКШ элчилигинин Тель-Авивдеги имараты.
АКШ элчилигинин Тель-Авивдеги имараты.

АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу же америкалык элчиликти Тел-Авивден бул шаарга көчүрүү маселеси боюнча бир чечимге келе элек.

Бул тууралуу анын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер билдирип, жакынкы күндөрү бул боюнча расмий жарыя жасалаарын айтты.

Президент Дональд Трамп өз чечимин 5-6-декабрда жарыялары күтүлүүдө.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң сезимтал маселеси.

Палестиндер Иерусалимди алардын болчоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт.

Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган.

Бирок, анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тел-Авивде.

Президент Трамп былтыркы шайлоо өнөктүгү учурунда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШ элчилигин ушул шаарга которууну убада кылган.

Бул аралыкта Иордания Иерусалимди Израилдин борбору деп таануунун арты “коркунучтуу кесепеттерге" алып келет деп эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG