Ооган парламенти бир нече айга созулган туңгуюктан кийин министрлик кызматка көрсөтүлгөн 11 талапкерди 4-декабрда жактырды.
Ооган өкмөтүндөгү 25 министрдин кызмат ордунун жарымынан көбү бир нече айдан бери бош турган.
Парламенттин төрагасы Абдул Рауф Ибрахиминин айтымында, министрлик кызматка көрсөтүлгөн 12 талапкердин ичинен ал бирөөсүн - аял кишинин талапкерлигин четке какты.
Өлкөдө "Талибандын" улам күчөп бараткан чабуулдарына каршы күрөшүүчү эки маанилүү мекеменин жетекчиси - коргоо министри Тарик Бахрами менен ички иштер министри Уаис Ахмад Бармак дагы бекитилди.
Ооганстандын азыркы өкмөтү "Улуттук биримдик өкмөтү" деп аталса да, анын курамында президент Ашраф Гани Ахмадзайдын жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын тарапкерлери эки жаат болуп өз ара атаандашып турушат. (UE)