Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Йемендин экс-президенти өлтүрүлдү


Али Абдулла Салех.
Али Абдулла Салех.

Мурдагы президент Али Абдулла Салех бүгүнкү уруштар учурунда өлтүрүлгөнүн Йемендин хусит козголоңчулар түзгөн өкмөтү билдирди. Бул маалымат козголоңчуларга жан тарткан “Ал-Масира” телеканалынын видеотасмасы менен да коштолду.

Йемендин мурдагы президентинин саясий партиясы – Элдик конгресстеги булактар да "ал-Аравия" телеканалы менен Рейтер агенттигине Салехтин мерт болгондугун ырасташты.

Салех эки күн мурда Иран колдогон хусит согушкерлер менен өнөктөштүгү аяктаганын жарыялаган болчу. Ал акыркы үч жылдан бери башкалаа Сананы хусит согушкерлери менен чогуу башкарып жаткан.

75 жаштагы Салех Йеменди отуз жылдан ашуун убакыт жетектеп, 2012-жылы элдик кысымдын күчү менен бийликтен кулатылган.

Кабарларга караганда, ал Сана шаарындагы уруштарда өлтүрүлдү. Хусит согушкерлери бүгүн мурдагы президенттин бул шаардагы үйүн жардырып жиберишкен.

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун маалыматына караганда, Сана шаарында акыркы алты күндөгү уруштарда 125 киши өлүп, 240тай адам жаракат алган.

Иран колдойт деген хусит согушкерлери Йемен борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.

Сауд Аравия баштаган коалиция 2015-жылдан тарта аларга каршы миңдеген аба соккуларын жасады.

Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча өнөктүк азырынча натыйжа бере элек, бирок өлкө гуманитардык кризиске кабылып, кагылыштардан азыркыга чейин кеминде 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.(UE)

XS
SM
MD
LG