Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

АКШ Орусиядагы консулдуктарында виза берүү иштерин калыбына келтирет


АКШнын Владивостоктогу консулдугу.
АКШнын Владивостоктогу консулдугу.

Орусиянын Санкт-Петербург, Екатеринбург, Владивосток шаарларындагы америкалык консулдуктар иммиграциялык виза берүү боюнча маектешүүлөрдү 11-декабрдан тарта чектелген санда калыбына келтирет.

АКШнын Москвадагы элчилиги бул тууралуу бүгүн жарыялады. Элчиликтин билдирүүсүндө “адамдардын өз ара карым-катышы, АКШ менен Орусиянын ишкер алакасы эки тараптуу мамиледеги стабилдүүлүктүн негизи экени”,- айтылат.

Америкалык консулдуктарда бул өңдүү иштер быйыл 23-августтан бери Орусия АКШдан дипломатиялык кызматкерлеринин санын олуттуу кыскартууну талап кылгандан кийин токтоп калган.

АКШ Конгресси Орусияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзамды кабыл алган соң расмий Москва быйыл 28-июлда АКШ элчилиги менен консулдуктардагы кызматкерлер санын 1-сентябрга карата 455 адамга түшүрүүсүн талап кылган. Президент Путин өзү кийин бул үчүн АКШга дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлердин санын 755ке кыскартууга туура келерин билдирген.

АКШнын Москвадагы элчилиги иммиграциялык виза берүү боюнча мурдагыдан чектелүү иштерин сентябрь айынан тарта калыбына келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG