Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

АКШ коргоо министри Пакистан жетекчилиги менен жолукту


Жим Мэттис Исламабадга келген учур. 4-декабрь, 2017-жыл.
Жим Мэттис Исламабадга келген учур. 4-декабрь, 2017-жыл.

Жим Мэттистин Пакистан жетекчилиги менен терроризмге каршы күрөштү чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрү АКШ Исламабад өз чек араларында согушкерлерге каршы жетиштүү чара көрбөй жатат деп эсептеген учурга туш келүүдө.

АКШ буга чейин Пакистан коңшу Ооганстанда кол салууларды жасап жаткан "Талибан" согушкерлерине баш паанек бергени үчүн нааразы болгон.

Америкалык расмийлердин пикиринде, согушкерлер Пакистандын тоолуу жана жакшы кайтарылбаган чек араларынан өтүп келип, АКШнын, Ооганстандын жана башка өнөктөштөрдүн күчтөрүнө кол салууда. Кайра Пакистандын чалгын кызматынын жардамы менен бул өлкөдөгү башпаанектерине кайтып жатат. Исламабад болсо мындай ырастоолорду четке каккан.

Пакистан премьер-министри Шахид Хакан Аббаси Мэттис менен жолугар алдыда анын өлкөсү да “терроризмге каршы күрөшкө берилген жана максаттары Кошмо Штаттардыкына окшош” деп ырастады.

АКШ коргоо министри Исламабадда Пакистандын армия башчысы, генерал Камар Жавид Бажва, коопсуздук чөйрөсүн тейлеген башка расмий өкүлдөр, министрлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жим Мэттис Пакистанга келер алдында ал бул жерде президент Дональд Трамптын “террорчулардын башпаанектерине каршы” чара көрүү жөнүндөгү чакырыгын бекемдей турганын, бирок “максаты орток пикир табуу” экенин айткан.

Өткөн аптада эле АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Жон Николсон бул маселеде эч жылыш жоктугун, Пакистандын согушкерлер түйүнүн колдоо саясаты эч өзгөрбөгөнүн белгилеген.

АКШ быйыл августта Пакистан Ооганстанга коркунуч туудурган экстремисттерге каршы чара көрмөйүнчө 255 миллион доллардык аскерий жардамды бербей турганын жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG