Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Тажикстан Ооганстан менен чек арага кошумча күч жөнөттү


Тажик -ооган чек арасынын Шамсиддини Шохин районундагы бөлүгү.
Тажик -ооган чек арасынын Шамсиддини Шохин районундагы бөлүгү.

Тажик-ооган чек арасындагы Шамсиддини Шохин районуна кошумча күчтү Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жөнөттү. Ал жерде 2-декабрга караган түнү ооган аткезчилери менен кагылышта бир тажик офицери мерт болуп, төрт чек арачы жаракат алган. Кагылышуу аталган райондун борборунан он чакырым аралыктагы Кавок кыштагында болгон.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Тажикстандан аймагынан кетпей жүрүшү мүмкүн ооган аткезчилерине каршы атайын операция баштаган.

Ооганстандык куралчан аткезчилердин чек араны бузушуна байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанга 3-декабрда нааразылык нотасын да жолдогон. Анда расмий Душанбе Ооганстандан Шамсиддини Шохин району аймагында болгон куралдуу кагылыш боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Тажик-ооган чек арасынын жалпы узундугу 1,5 миңдей чакырым, анын басымдуу бөлүгү тоолуу аймак аркылуу өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG