Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Булан институту: чет өлкөлөрдө диний билим алгандардын саны белгисиз


Намаз маалы.
Намаз маалы.

Чет мамлекеттерде диний билим алып жаткан кыргызстандыктардын так санын бир дагы тиешелүү мамлекеттик орган, Кыргызстан Мусулмандар диний башкармалыгы, бейөкмөт уюмдар дагы билбейт. Бул тууралуу Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун соңку баяндамасында айтылат.

Анда чет өлкөлөргө диний билим алууга чыгуу үчүн милдеттүү түрдө макулдашуу керектиги мыйзамда каралганы менен, соңку он жылда көп учурда көзөмөлсүз, өз алдынча туристтик виза жана жеке чакыруулар менен кеткендер көбөйүп жатканы белгиленген.

Маалыматка караганда, алардын айрымдары Пакистан, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдө шектүү окуу жайларда билим алып, чет жактан экстремисттик уюмдардын ишине тартылып кетүү коркунучу бар. Кыргызстанга келгенден кийин алардын идеологиясы менен саясатын жайылтуучуларга айланышы толук ыктымал. Институттун баяндамасы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияcы менен чогуу даярдалып, кыргызстандыктардын диний билими талданган. Кыргызстандагы диний окуу жайлар, алардын абалы, мындан тышкары Сауд Арабия, Египет, Түркия, Пакистан, Иордания сыяктуу өлкөлөрдөгү диний окуу жайлар жана алардын өзгөчөлүктөрү, кыргызстандыктардын ал жактарда билим алышы боюнча суроолор, расмий статистика жана белгилүү диний ишмерлердин ой-пикирлери камтылган.

Ошондой эле Кыргызстандагы белгилүү диниятчылар, облустук казылар, муфтияттагы маанилүү кызматтагы адамдар жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү кайсы өлкөлөрдөн жана кайсы окуу жайлардан билим алышканына талдоо жүргүзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG