Бүгүн башталып, 9-декабрга чейин улана турган жыйын Ысык-Көл облусунун Жыргалаң курорттук аймагында өтөт. Анда кар көчкү коопсуздугу боюнча адистер баяндама жасашат. Кар көчкү көп жүргөн жерлерде жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча маалыматтар берилет.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, башкы максат – орус тилдүү адистер менен райдерлердин ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү. Жыйынды Кыргызстандагы гиддер биримдиги уюштурууда.
Буга чейин кар көчкү коопсуздугу боюнча эл аралык жыйын өтүп, анда тоо туризми өнүгүп жаткан учурда альпинисттердин, лыжа ышкыбоздорунун жана фрирайдерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланган. Кыргызстандын бийик тоолорунда чет өлкөлүк туристтер түрдүү кырсыктардан улам мерт болгон учурлар кездешип турат.