Тажикстандын Согди облусунда «Укук» басылмасынын башкы редактору Ойбек Алиев 8 жыл 10 айга, анын атасы Турсунали Алиев алты жылга соттолду. Сот аларды "алдамчылык" жана "опузалоо" беренелери менен күнөөлүү деп табылышты.
Жаш курагына байланыштуу 70 жаштагы Турсунали Алиевдин камактагы мөөнөтү шарттуу түрдө эки жылга кыскартылды.
2014-жылы да Турсунали жана Ойбек Алиевдер «башка бирөөнүн мүлкүн атайлап зыянга учуратуу», «өзүмбилемдик» жана «бийлик органдарына баш ийбөө» беренелери боюнча соттолгон. Бирок мунапыс мыйзамы менен чоң суммадагы айып пул төлөп, камактан чыгышкан.
Жаңы кылмыш иши жергиликтүү тургундардын даттануусунан кийин козголгону айтылды. Жабырлануучулар журналист ата-бала жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечип беребиз деп, акча алганын билдиришкен.
Согди облусундагы журналисттик уюмдар соттолгон ата-баланын ишмердүүлүгү журналисттик этикага каршы келет деп эсептеп, аларды коргоодон баш тартышты.