Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 03:45

Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиев катышкан жол кырсыгына байланышкан иште кошумча экспертиза дайындалды.

Бул тууралуу жол кырсыгында каза тапкан Айсанат Борбашеванын тууганы Сарылбек Борбашев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, 4-декабрдагы жараяндын жүрүшүндө ишти караган Токмок шаардык сотунун судьясы кошумча авто-техникалык экспертиза дайындоону милдеттендирди. Буга чейин жабырлануучу тарап экспертизанын жыйынтыгына ишенбей келген.

Быйыл 17-июлга караган түнү Токмоктон Бишкекти көздөй чыккан жолдо прокурордун жардамчысы башкарган “Тойота-Фораннер” үлгүсүндөгү жолтандабас “Хонда-Стрим” машинесин сүзгөн. "Хонданын" 19 жаштагы жүргүнчүсү Айсанат Борбашева кырсык болгон жерде каза таап, дагы беш киши жараат алган. Иликтөөдө прокурордун жардамчысы мас абалда болгону, кырсыктан кийин качып кеткени аныкталган. Анын машинесинен 20дан ашык кылмыш ишинин материалдары табылган.

Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-121-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Данияр Сейталиев эки айга камакка алынган. Кийин ал белгисиз жагдайда боштондукка чыккан. Башкы прокуратура Сейталиев иштен бошотулган деп билдирген. Ал өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG