Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Президент мамлекеттик органдардагы жемкордукту тыюуга үндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алууда билдирди. Өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлагандай, Жолдубаева прокуратуранын коррупцияга каршы жүргүзгөн иши тууралуу маалымат берди.

Президент Жээнбеков коомдо укук коргоо, күч жана сот органдарында коррупциялык иштер боюнча нааразылык көп экенин билдирген. Ошондой эле мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырган.

Өткөн айда ишке киришкен Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү улантарын билдирген. Ал мамлекеттик органдардагы жемкордукту тыюуга басым жасоого убада берген.

Буга чейинки президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга күрөштү өз саясатынын негизги бөлүгү катары атаган. Бирок оппозиция бул күрөш бийликтин каршылыштарын куугунтуктоого айланганын айтып келатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG