Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Баласын урган киши кызматтан кетирилди


Сөз болуп жаткан видеодон алынган сүрөт.
Сөз болуп жаткан видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте эки жашар баласын тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүм жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, органдын этика боюнча комиссиясы Адиевдин маселесин карап, иштен бошотууну сунуш кылган.

Буга чейин Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев бул окуя тууралуу Интернетте тасма тарап, милиция кылмыш ишин козгогон соң кызматкерге катуу чара көрүп, керек болсо токтоосуз түрдө иштен бошотуу боюнча тапшырма берген.

Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып, жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон эле. Бул тасма кызуу талкуу жаратып, ал кишини жоопко тартуу тууралуу талаптар коюлган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG