Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайындагы дарактарды кыюуну токтотууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Алынган маалыматка ылайык, Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке капчыгайдагы бак-дарактарды кыюу фактыларын текшерип, чара көрүү боюнча тапшырма берди.
Мындан тышкары, ал укук оргоо органдарына жаратылышка зыян келтирип, мыйзам бузгандарды тез арада жоопко тартууну табыштады.
Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак болуп эсептелет жана өзгөчө коргоодо турат.