Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүндө жана сотунда балдарга аяр мамиле кылуу боюнча атайын бөлмөлөр ачылды. Бул бөлмөлөр 2014-2018-жылдарга балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программанын алкагында даярдалды. Программа мыйзам менен тил табыша албай жаткан, кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдарга аяр мамиле кылуунун жол-жоболорун иштеп чыгууну көздөйт.
Балдарга аяр мамиле кылуу бөлмөлөрү ЮНИСЕФтин көмөгү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) каржылык колдоосу менен "Ынтымактуу жана инклюзивдүү жамааттардын келечеги үчүн жаштардын туруктуулугун арттыруу" программасынын алкагында түзүлгөн.
Иш-чарага Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо катышууда. (AsM)