Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Литвада өлтүрүлгөн кыргызстандык боюнча иликтөө башталды


Николай Хлебаев жана анын автоунаасы.
Николай Хлебаев жана анын автоунаасы.

Литвада өлтүрүлгөн кыргызстандык айдоочу Николай Хлебаевдин өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы консулу Бакыт Урмамбетов билдирди. Анын айтымында, Литванын полициясы учурда тергөө иштерин баштады. Ал эми маркумдун туугандары Бишкекте болгондуктан анын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштер баштала элек.

Буга чейин дайынсыз жоголгону кабарланып жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу Николай Хлебаев ур-токмоктон улам каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу шектүүлөр кармалган.

Кыргызстандын Литвада элчилиги жана консулдугу жок. Ошого байланыштуу окуяны Кыргызстандын Беларустагы элчилиги иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG