Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Тажикстанда эркин гезиттин редактору абакка кесилди


Тажикстандагы "Хукук" гезити.
Тажикстандагы "Хукук" гезити.

Тажикстандын Согди облустук соту 5-декабрда "Хукук" ("Укук") жеке гезитинин редактору Ойбек Алиевди сегиз жылга, анын атасы Турсунали Алиевди алты жылга эркинен ажыратты. Экөөнө тең "Алдамчылык" жана "Опузалап акча алуу" деген айып тагылды.

70 жаштагы Турсунали Алиевдин жаш курагын эске алуу менен сот анын жаза мөөнөтүн эки жылдык шарттуу жаза менен алмаштырды.

Ойбек жана Турсунали Алиевден жабыркаган жарандар соттун чечимин өтө эле жумшак деп эсептеп, ага каршы доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыларын айтышты.

Ата-бала Алиевдер 2014-жылы "жергиликтүү бийликке баш ийбөө, атайылап бирөөнүн үй-мүлкүнө зыян келтирүү" деген айыптар менен соттолушкан. Кийин мунапыс аркылуу эркиндикке чыгышкан. Соңку кылмыш иши жергиликтүү адамдардын арызы боюнча козголгон.

Ал эми жергиликтүү журналисттик уюмдар Алиевдерди жактоодон баш тартып, ата-баланын кылыктары журналисттик этикага сыйбай тургандыгын белгилешти.

XS
SM
MD
LG